Депутат Айгүл Айдарова мамлекеттик ипотекадан үй алды

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алгандардын катарын толуктады. Ал сүйүнүчтүү кабарын соцтармактагы баракчасына жазды.

«Мен да 4 жылдан ашуун күтүп, кезегим жетип жаңы конуштуу болуп отурам. Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турганымда менин кезегим 2 жылдан ашкан соң жеткен болчу. Өз ыктыярым менен буга чейин эки жолу кезегимди жылдырууну суранып үйгө муктаж болгон жөнөкөй жарандарга берүүсүн сурангам. Үчүнчү жолу тизмеге катталып, кезегим жетип мамлекеттик кызматкер катары үйдүн ачкычы тапшырылды»,- деп жазды ал.