Депутат Айжигитов: «Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун 12 миллион сом карызын жоюу зарыл»

Кечээ, 19- декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин депутаттары көчмө жыйындын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун демилгеси менен Сокулук районундагы Фрунзе айылына барышып, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жыйында комитет мүчөлөрү мал чарба, жайыт жана тоют өсүмдүктөрүнүн селекциясы жаатындагы илимий-изилдөө иштерди жүргүзүп жаткан институттун ишин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бир катар маанилүү чараларга көңүл бурушту. Депутат Султанбай Айжигитов илимий мекеме менен тармактык министрликтин ортосундагы алакаларды арттыруу, илимий-изилдөө институттарынын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.

«Институттун негизги жетишкендиктеринин бири – акыркы 30 жылдын ичинде алар толук өзүн-өзү каржылоодо болгонуна карабастан, малдын баалуу породаларын жана үрөн базасын сактап кала алышкан. Азыркы кезде илимий институт менен айыл чарба министрлигинин ортосунда байланыштар үзүлүп калгандыгы байкалып турат. Буга байланыштуу министрликке илим менен тыгыз байланыш түзүүнү сунуштайт элем. Экинчиден, мекеменин 12 миллион сом карызын жоюу боюнча чараларды көрүү зарыл. Ошондо алар мамлекеттик жеңилдетилген кредиттерди алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди ал.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Айыл чарба министрлигине институттун болгон карызын реструктуризациялоо боюнча ыкчам чараларды көрүүнү жана анын илимий-өндүрүштүк ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү сунушташты.