Депутат айланма жолдогу 90 чакырым ылдамдыктагы чектөөнү бизнес деп атады

«Жайында Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо саатына 90 чакырым деп ылдамдык чектелип, бардык жерде үч бутту камералар турду». Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов 19-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.

«Өзүнчө эле бизнес болуп калган. Бара жатканда 10, келе жатканда 10 үч буттуу камера турду. Ачык эле бизнес кылып жатабызбы? 90 деген чектөө эскирип калган. Башка өлкөлөрдө 90 деген жок. 90 деген бул баягы Советтер союзунда Жигулилерге жасалган чектөө», — деди ал.