Депутат: «Айлыктын аздыгынан электриктер тобу менен жумуштан кетип жатышат»

“Айлык акынын аздыгынан электриктер тобу менен жумуш таштап жатышат”. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

“Бюджетте профицит бар, каражат бөлүнөт, бирок бул тармакта иштегендер кызматтык унаалар менен келип, ачкычын тапшырып, чет өлкөгө иштегени кетүүдө деген маалыматтар бар” деген эл өкүлү тармактагы кызматкерлердин маянасынын өлчөмүн тактады.

Энергетика министринин орун басары Нурлан Сыдыков 1-категориядагы электриктердин маянасы 12 миң сомдун тегерегинде экенин, эмгек стажына жана үстөк акыга кошулса, маянасы 40-50 миң сомго чейин жетерин кошумчалады.