Депутат айымдар 23-февралга карата кесиптештерине эмне белек беришти?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова мырзаларды 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

«Урматтуу мырза депутаттар, сиздерди Ата Мекенди коргоочулар менен куттуктайбыз. Бул майрам мекенге берилип, кызмат кылуунун, эрдиктин, ар намыстын, кайраттуулуктун символу катары муундарды байланыштырып келет»,- деди ал.

Аял-депутаттар эркек кесиптештерине открытка менен термос белек кылышты.