Депутат Акаев: «Балдарга кош көңүл мамиле кечирилбеши керек»

“Бала сабалды”, “бала жол кырсыгынан өлдү”, “баланы сабаган кылмышкер үй камагына чыкты” деген жүрөктү тилген кейиштүү жаңылыктар. Балага мамлекет да, ата-эне да жоопкерчилик менен мамиле кылалы!». Мындай билдирүүнү депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында жасады.

«Мындан ары да балдарга болгон ар бир окуя тууралуу тыкыр көзөмөл кылып, аткаруу бийлигинен, күч органдарынан тынбай сурап турабыз», — деди ал.