Депутат Акбөкөн Таштанбековдун колдоосу менен Ысык-Атада оңдолгон төрөткананын имараты ачылды

Ысык-Ата районунун Ивановка айылында депутат Акбөкөн Таштанбековдун каржылык колдоосу алдында Ысык-Ата жалпы дарыгерлик борборунун түзүмдүк бөлүмүндө жаңыланган төрөткананын имаратынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар Жалолидин Нурбаев, Мирлан Самыйкожо, Арсланбек Малиев жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков жергиликтүү жетекчилер бюджеттин эле акчасын карап отурбай, ушул сыяктуу демилгелерди колго алышы керектигин белгиледи. Мындан тышкары ал оорукананын башка маселелерин чечүүгө да көмөк көрсөтүүгө даярдыгын айтты.

Аймактык оорукананын башкы дарыгери Бакай Туратбеков төрөткананын жаңы имаратка муктаждыгы күч болуп, көйгөй жаратып келгенин белгиледи. “Төрөткана ооруканын хирургия бөлүмүнүн алдыңкы кабатында жайгашып, иштөөгө бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул имаратты оңдоп-түзөө боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго кайрылганбыз. Ал кишинин көмөгү менен буйруса жаркыраган жаңы жайга ээ болдук. Жалпы жамаатыбыздын атынан депутатка терең ыраазычылык билдирип кетебиз”,— деди дарыгер.

10 керебетке ылайыкталган төрөткана имаратын оңдоого жалпысынан 3 миллион сомго жакын каражат сарпталып, керектүү медициналык жабдыктар, эмеректер менен да камсыздалган.