Депутат Акылбек Түмөнбаев УКМКга өзү барганын айтты

Бүгүн, 9-октябрда депутат жана президент Садыр Жапаровдун кудасы Акылбек Түмөнбаевдин УКМКдан чыгып келе жатканын видеого тартып алышкан. Ал «Кактус» сайтына УКМКга өзү барганын билдирди.

«Өзүмдүн иштерим менен келдим», — деди ал. Ал ошондой эле аны Камчы Көлбаев боюнча да чакырылбаганын билдирди. Ал эми кримтөбөлдү акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган же барбаганы тууралуу суроо бергенде жооп берген жок.