Депутат: «Аламүдүндө түн ичинде чоочундар маркумду коюп кетип жатат»

«Аламүдүндөгү айыл өкмөткө акча берсең, жер берет деп жатышпайбы. Азыр акча берсең да албайт», — деди депутат Сеидбек Атамбаев. 

«Биздин айылга акча берсең да албайт. Анткени түн ичинде чоочундар келип туруп эле маркумду коюп кетип жатат. Кайсы дин, кайсы улут экенин билбейсиң. Чүйдүн жери аз. Ошону эске алгыла, бир нерсе кыларда эл менен кеңешиш керек», — деди депутат.