Депутат алдамчылар анын атынан акча сурап жатканын айтты

Алдамчылар Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримовдун атынан Telegram каналын ачып, акча сурап жатышат. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

«Менин сүрөттөрүмдү коюп, кесиптештерден, мен тааныгандардан акча сурап жатыптыр. Телефон алдамчылыгы менен күрөшпөсөк болбой калды. Көп жарандардын алданып калганы тууралуу маалымат түшүп жатат»,- деди ал.