Депутат Алимжанова жаштарды ишке орноштуруу боюнча мамлекет кандай кепилдик берерине кызыкты

«Жаштарга ишке орноштуруу боюнча мамлекет кандай кепилдик берет» деп суроо салды депутат Нилуфар Алимжанова маданият министринин орун басары Марат Тагаевге. 

Депутат ошондой эле жаштар жумушсуздуктан миграцияга кетип жатканын айтты. Буга министрдин орун басары «Министрлер кабинети 2 жылда бир кайсы тармакта жаштар жетишпей жатат же ашыкча адистик алып жатат изилдөө жүргүзүп турушу керек» деп жооп берди.

«Мен бул жерде жаштардын ден соолугу боюнча окуй алган жокмун», — деди депутат. «Азыр өзүбүздүн иш-чарабызга киргизип жатабыз. Мыйзамга сунуш берсеңиз киргизебиз», — деди министрдин орун басары.

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңеште “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өттү. Анда депутат жаштарды жумуш орундары менен камсыздоо көйгөйүн көтөрүп, жаштардын ишмердүүлүгүнө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү зарылдыгын да белгиледи.