Депутат Алиярбек Абжалиев өлкөдөн бир ай мурун чыгып кеткенби?

Буга чейин УКМК Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата сотко чейинки өндүрүш иши катталганын маалымдап, ага таандык болгон мүлктү ачыктаган эле.

Анын Сооронбай Жээнбеков менен болгон үй-бүлөлүк байланышты пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине «активдүү» кийлигишкени да айтылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары Алиярбек Абжалиевдин бир ай мурун өлкөдөн чыгып кеткенин, ал өзү менен кошо бардык акча каражаттарын алып кеткенин жазышууда.