Депутат Алмазбек Акматовдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Алмазбек Акматовдун сөөгү 2-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары, тууган-урук, кесиптештери барып, маркумдун адамдык сапаттарын, эмгекчилдигин эскеришти.

57 жаштагы депутат узакка созулган оорудан улам 28-февралда көз жумган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы Нарын облусунда туулган. 1986-жылы Новосибирскидеги жогорку аскердик окуу жайды аяктаган. 2002-жылы Бишкекте Башкаруу академиясын, 2008-жылы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Акматов президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында эмгектенген. Эмгек жолун 1986-1991-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүндө ар кыл кызматтарда иштеп баштаган.

2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Былтыр парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясы менен катышкан.

Маркумдун артында беш баласы калды.