Бүгүн, 23-июнда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны болуп жатат.
Депутат Эльдар Сулайманов «Кыргызстан боюнча канча урандын калдыгы бар?» деген суроо салды.
Жаратылыш министринин орун басары Кыргызстан боюнча 92 объект бар экенин, анын ичинен 43ү радиактивдүү калдык сактоочу жайлар, 27 тоо-кен калдыктары бар экенин айтты.
«27 тоо-кен калдыктары деп жатпайсызбы. Алар алтынды казып чыкканда цианид менен тазалайт да туурабы? Алтынды казып жаткандар цианид жок химикаттарды колдонсо болбойбу?»,— деди депутат.
«Азыркы учурда зыяны аз химикаттарды пайдаланууга аракет кылынып жатат», — деди орун басар.
«Алтын кендер көп. Экология боюнча изилдөө кылып, адистер менен сүйлөшкөндө «чыгым болгону 5 пайызга көтөрүлөт, цианид жок химикаттарды колдонсо жерге зыяны жок» деп айтышкан. Чет мамлекеттен келген ишкерлер казып бүткөн соң кетип калышат. Жерлерди ууктуруп кетип калышса. Ушул боюнча программаны түзүш керек«,- деди депутат.