Депутат: «Алымкадыр Бейшеналиев аймактарга бөлүп, чоң ката кетирди»

Бир аптадан бери 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тиреши уланып келет.

Мындан улам SUPERTV каналы Жогорку Кеңештин депутаттарына «Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Тез жардам ооруканасы кылып өзгөртүүгө кандай көз караштасыз? Сабырбек Жумабеков менен Алымкадыр Бейшеналиевдин тирешинде чындык ким тарапта деп ойлойсуз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Өмүрбек Бакировдун айтымында, бул министрдин реформасынын башталышы. Ошондой эле министрдин таластыктар деп аймактарга бөлүшү анын чоң катасы деп эсептейт.