Депутат: «Андарак айылында акыркы бир жылда 12 келин өзүн-өзү асыптыр»

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Андарак айылында жыл ичинде 9 аял өз жанын кыйган. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Жер тилкелер өтө кымбат. Ошол эле Андарак айылында 1 үйдө 6-7 үй-бүлө жашайт экен. Эмне кыларыбызды билбей калдык, жер тилке Бишкектен да кымбат дешет. Баары айла жок мигрант болуп кетип жатышат. Үрөй учурган статистиканы айтып коёюн, акыркы 1 жылдын ичинде 12 келин өзүн-өзү асыптыр. Анын үчөө өлбөй калган. 9у өлүптүр. Асыныптыр, уксус ичиптир. Ушуга көңүл буруп койбосоңор болбойт», — деди ал.