Депутат: «Аравандагы мектептерде 1ден эле кыргыз класс бар. Өзбек класстар 19, орус класстар 5-6га жетет»

«Аравандагы мектептерде 1ден эле кыргыз класс бар. Ошол эле учурда өзбек класс 19, орус класстар 5-6га жетет». Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

«Өлкөдөгү мектептерде канча кыргыз жана канча орус класс бар?» — деп сурады депутат.

«Өлкөдө 2353 мектеп бар. Кыргыз тилинде 34 миң 300 класс комплект окутулат, орус тилинде 16 миң 815 класс комплект окутулат», — деп билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева.

«Депутаттар аймактарга чыгып калсаң, көп ата-энелер жана мугалимдер кыргыз тилинде эмес, орус тилинде окуткан класстардын санын көбөйтүп бериңиздер деп суранышат. Сиздер менен деле Ош облусуна көчмө жыйын өткөрүп барып келдик. Араван районунда ар бир мектепте 19 өзбек класс, 4-5-6дан орус класстар, кыргыз тилден 1ден эле класс бар болчу. Анан кантип кыргыз тилин өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшөбүз?» — деди депутат.

Министрдин орун басары мыйзамга ылайык 4 тилде мектепте окутуу жүргүзүлөрүн билдирди. Алар: кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдери.