Депутат: «Асанбайдан Бишкектин борборуна 25 мүнөттө жетсек, азыр 1,5 саатта келип жатабыз»

«Асанбайдан Бишкектин борборуна 25 мүнөттө жетсек, азыр 1,5 саатта келип жатабыз». Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда депутат Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Мурда Асанбайдан, түштүк магистралдан борборго 25 мүнөттө келчүбүз. Азыр бир жарым саатта келип жатабыз. Мэрия автобустарга деп өзүнчө тилке бөлгөн токтом чыгарган экен, жол тыгын болуп жатат. Автобус ар жарым саатта өтөт, жол тыгыны болсо турат. Жарандарга тоскоолдук жаралууда. Токтомду жокко чыгарышсын», — деди депутат.