Депутат Ашимова: «Климаттын өзгөрүшү баарынан мурда айыл жериндеги аялдардын абалын начарлатып жатат»

Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер аялдарынын диалогунун жыйынынын жүрүшүндө Жашыл экономика: «Аялдарын социалдык жана экологиялык инновацияларды илгерилетүүдөгү ролу» темасында пленардык сессия өттү.

Тематикалык пленардык сессияны ачып жатып Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-аялдарынын диалогунун катышуучулары менен саламдашып, негизги тема социалдык жана экологиялык инновацияларды, санариптик жана жаңы чечимдерди, креативдүү экономиканы алга жылдырууда Борбордук Азия аялдарынын ролун талкуулоо болуп саналарын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова пленардык сессиянын жүрүшүндө Борбор Азиядагы лидер аялдардын диалогу перспективдүү жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү караган аянтча экендигин белгиледи. Борбор Азиядагы аялдар коомчулугу жалпы чечимдерди кабыл алып, диалог аркылуу максаттарга жетүүгө умтулабыз деп белгилеген депутат: “Бүгүнкү күн тартибинде жалпы өнүгүү стратегияларын жана алдыдагы максаттар тууралуу ойлонобуз. Кыргыз Республикасы ТӨМдүн бир нече багыттары боюнча ийгиликтерге жетишип, прогрессивдүү мыйзамдарды кабыл алдык. Алардын арасында балдарды жана аялдарды зомбулуктан коргогон мыйзамдар бар”, — деди Динара Ашимова. Жашыл экономиканы илгерилетүү чөйрөсүндөгү маселелерге токтолуп, ал жашыл экономиканын механизмдери климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга мүмкүндүк берерин белгиледи. «Климаттын өзгөрүшү маселесинде биз – аялдар четте калбашыбыз керек, анткени климаттын өзгөрүшү баарынан мурда айыл жериндеги аялдардын абалын начарлатып жатат», — деп баса белгилеп, Борбордук Азия аялдары биригип, жалпы аймактык кызыкчылыктарды, максаттарды жана идеяларды биргелешип алга жылдырышы керек деп кошумчалады.

Мындан тышкары пленардык сессиянын алкагында Өзбекстандын Үй-бүлө жана аялдар комитетинин төрагасынын орун басары Мукарам Нурматова “Аялдарга социалдык кызмат көрсөтүү жана аларды климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен коргоо боюнча инновациялык ыкмалар” багытында Өзбекстандагы тажрыйбалар менен бөлүштү. Ал эми Казакстандын Мажилисинин Коомдук палатасынын эколог-эксперти Айжан Скакова, Чыгыш Европа жана Борбор Азия үчүн ЭЭУ бюросу, Ишканаларды өнүктүрүү жана жашыл жумуш орундары маселелери боюнча башкы адиси Кристина Мартинес жана башка эл аралык уюмдардын өкулдөрү жана эксперттер баяндама жасашты.