Депутат Ашимова: «Сүт боюнча толтура көйгөй бар»

«Сүт боюнча толтура көйгөй бар». Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова билдирди.

«Ушул убакка чейин коомдук талкууга койгон концептуалдык документ барбы?» деп депутат сурады. Ага Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов документ бар экенин, долбоор иштелип чыкканын, Айыл чарба министрлигине Жана Министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн айтты. Андан ары эл өкүлү «концепцияга кандай инновациялык чечимдерди киргизип жатасыңар?» деп суроо салды. «Биз техникалык топ чогултуп жатабыз. Буга чейин мындай топ болгон эмес» деп сөзүн баштаган министрдин орун басарынын жообун аягына чыгарбай депутат токтотту.

«Мен инновацияны сурап жатам, жөн эле жооп бербеңиз. Мисалы, сүттү тапшырбай, аны кургак сүт кылууга мүмкүнчүлүк барбы? Жооп бере албай жатасыз. Ушул жаатта канча аялга колдоо көрсөтүп жатасыздар? Мен ишкер аялдар менен жолугуп жатам. Сүт боюнча бир эле көйгөй анын баасында эмес. Биокоопсуздук жок, ветеринарлар жеке менчик… Бизде концептуалдык документ жок, ал болбосо, жыл сайын ушул маселеге тушуга беребиз. Ортомчуларга келсек, бул коррупциянын бир түрү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мыйзам алып келишсин», — деди Динара Ашимова.