Депутат: «Аскар Акаев бийлик менен сүйлөшүп алган»

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев бийлик менен сүйлөшүп алган. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграмдагы каналына жарыялады.

«Акаев 16 жыл бою мекенине кайтууну кыялданып келген. Бүгүн ал учуп келди, бирок УКМК алып келгенин айтып жатат. Жок, белгилүү бир гарантиясы жок ал бул жакка учуп келмек эмес. Менин оюмча, бийлик менен сүйлөшүп алган жана ал макулдашуулар ишке ашат. Бирок алар эмнелерди сүйлөшүп алышканын билбейбиз», — деди Бекешев.

Депутаттын айтымында, Акаев жакын арада коё берилет жана бюджетке кандайдыр бир акча келип түшөт. Же анын ордуна башка нерсе болушу мүмкүн.