Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө өткөргөн жарандарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү Кылмыш, Үй-бүлө кодекстерине жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. «Бүгүнкү күндө ата-энесин таштап, аларды багуудан качкан мамлекеттик кызматкерлер бар. Мыйзам долбоору менен мындай жарандарды мамлекеттик кызматка албоону сунуштайбыз», — деди ал.