Депутат Атамбаев: «Соңку жылдары дарыяларда балыктардын саны азайып баратат»

«Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков.
Мыйзам долбоорлору тууралуу Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Муну менен катар жыйында “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Мыйзам долбоорун Агрардык саясат боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды.
Талкууда депутат Исхак Масалиев өлкөнүн аймагындагы бардык суу сактагычтарда балык кармоого уруксат берүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Сеидбек Атамбаев соңку жылдары дарыяларда балыктардын саны азайып баратканын айтып, аны көбөйтүү максатында балык чарбанын иш-аракеттерин сурады. Эл өкүлү Дастан Бекешов балык улоого электрондук уруксат берүү тутумун жандандыруу маселесин белгиледи.