Депутат: «Ататүрк паркы маселеси боюнча мунапыс берели»

«Ататүрк паркы маселеси боюнча мунапыс берели, элди үйүнөн кууп чыгып, талкалаган туура эмес болуп калат». Бул тууралуу депутат Жалолидин Нурбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

13-майда Бишкек мэриясында Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өтүп, мэр 20-майга карата пландалган иштерди даярдоо чараларды көрүүнү тапшырган болчу.