Депутат: «Аттракциондорду көзөмөлдөгөн эч ким жок»

ozedf

«Учурда иштеп жаткан аттракциондорго бир дагы мамлекеттик кызмат жоопкер эмес экен». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов билдирди.

«Жакында эле Таластагы аттракциондорду иштетебиз деп кайрылышты эле. Көзөмөлдөгөн эч ким жок. Уруксат берген эч ким жок. Мурдагы жылдары Ошто карусель кулап, адам каза болгон. Кудай сактасын, бүгүн паркка миңдеген балдар барып жатышат. Буга ким жооп берет?» — деди ал.