Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Абакиров автобекеттердин көчүрүлүшү шаарда жол тыгынды көбөйткөнүн айтты.
«Жогорку Кеңештен 18:00дө чыктык окшойт. 18:30-19:00 чамасында Совет көчөсүнөн өйдө аялдамаларга эл батпай калыптыр. Автобус жок. Мэр троллейбустарды алып салды, ордуна автобус койбосо, эл кыйналып жатыптыр. Сокулук, Кара-Балтадан келген студенттер «биз автобекет аркылуу келбей калдык, ал 2 саат убакытты алат. Акчабызды кетирип такси менен түз келип жатабыз» дейт. Бул чийки чечим болуп, элге ыңгайсыз болуп жатат. Азыр тыгын да ошол себептен көбөйдү. Себеби шаарга такси катары унаалар көп кирип жатат. Бул чоң көйгөйгө айланып кетиптир»,- деди эл өкүлү.