Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов өлкөдө аялдарга болгон зомбулук жана жаш балдарга ыдык көрсөтүү көбөйүп жатканын айтты.
«Ушул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизебизби? Аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү жеңил кылмыш катары көрбөй, оор кылмыштардын катарына кошуп, катаал жаза бериш керек. Мыйзамга өзгөртүү киргизбесек болбой калды. Кырсык катталганда интернетте 3 күн талкуулайбыз, шектүү кармалат, Муфтият үн катып коёт. Ошону менен токтоп калып жатабыз»,- деди депутат