Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде депутат Айбек Маткеримов өлкөдө аз камсыз болгон канча үй-бүлө бар экенине кызыкты.
Ага 78 миң үй-бүлө бар экенин айтышты. Алардын арасынан быйыл 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Жалпы быйылкы жылы 16 миң 770 үй-бүлө алган. Бирок 80 үй-бүлө аны аягына чыга алган жок. Алар акчаны кайтарып беришпейт.