Депутат: «Бала бакчага коопсуздук, тазалык үчүн акча бөлүнбөсө, министр акча чогултууну кантип токтотот?»

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев жаңы кызматка келгенде бала бакчаларда акча чогултууну токтотом деп айтканын депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин жыйынында эске салды. 

Депутат бала бакчаларда ар бир ата-энеден ар кандай чыгымдар үчүн 200-300 сомдон чогултулуп жатканын айтты. «Бирок бала бакчалардагы тазалык, коопсуздук жана башка санитардык иштерге акча бөлүнбөсө, кантип токтойт. Ар бир ата-энеден 200-300 сомдон чогултуп, чыгашаларын жабат. Мен Ош шаарын айтып жатам. Буга мамлекет акча бөлүшү керек. Аларды жергиликтүү бийлик бөлүп бере албайт экен. Өзүлөрүнүн казынасы тартыш экен», — деди Осмонов президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытовго.