Депутат Балбак Түлөбаев Армениядан келген оң рулдуу унааларды бир жолу каттап берүүнү суранды

Депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, Армениядан келген оң рулдуу унааларды бир жолу каттап берүүнү эл суранып жатканын айтты.

«Болору болду же киргизбей коюш керек эле. Эми эл суранып жатат. Канча бир суммада комиссия алсак, ал да мамлекеттин экономикасына салым кошот эле»,- деди ал.