Депутат Балбак Түлөбаевдин атасы Түлөбай уулу Зарлык 95 жашында көз жумду. Бул тууралуу юрист Канат Хасанов соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. «Балбак иним, атаңдын арты кайрылуу болсун, Жараткан жайын бейишинен берсин», — деп жазды ал.
Мындан тышкары, бул тууралуу соцтармактагы баракчасына спортчу Дастан Шаршеев да жазып чыкты. «Бүгүн 95 жашында Түлөбай уулу Зарлык атабызды ээсине тапшырдык. Жайы жаннаттан болсун!» — деп жазды ал.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Балбак Түлөбаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.