Депутат балдар ооруканасында дарыгерлер электрондук тамеки чегип жатканын айтты

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов балдар ооруканасында дарыгерлер электрондук тамеки чегип жатканын айтып, чара көрүүнү суранды.

Анын айтымында, мындай учур Бишкектеги  №3 балдар ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда катталган.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов көзөмөлгө алууну убадалады.