Депутат: «Баткенде үй сатылат деген жарнама көбөйдү. Көзөмөлгө албаса, ал жерде эч ким калбайт»

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Баткен облусунда үй сатылат деген жарнама абдан көп чыгып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

«Буга көңүл буруш керек. Жеке көзөмөлгө алыш керек. Болбосо, ал жерде эч ким калбайт», — деди ал.

Ал ошондой эле Капчыгай деген айыл тууралуу кеп кылды. «Аны өзүңөр жакшы билесиңер, душмандар тегиздеп салды. Эки айда бүтүрүп беребиз дешкен. Акчасы бөлүнгөн. 1 ай болду эч кандай иш жок», — деди ал.