Депутат: «Баткенге авиабилеттин баасы 6 миң сомду түзөт»

Эл өкүлү Камила Талиева Баткен облусуна болгон авиабилеттин кымбаттыгы, билет баасы 6 миң сомду түзөрүн айтып, Баткен облусуна каттамдарды май айынан тартып аптасына 1ден 3кө чейин көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

«Барып келиши 12 миң сомго чыгып кетип жатат. Билет тартыш. Элдин арасында нааразычылык күчөп жатат. Арзандатуу жагын карап койгула. Чек арада жашаган эл болсо», — деди депутат.