Депутат Бекешев: «Эл суу көйгөйү боюнча көчөгө чыгат»

«Эл суу көйгөйү боюнча көчөгө чыгат». Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Бишкекте чоң маселе болуп, аны эл көтөрүп жатат. Мен бул маселени үч аптадан бери көтөрүп келе жатам. Бирок бир дагы жылыштар жок. Же өкмөт карабайт, же мэрияда отурум болбойт, же кенен маалымат берилбейт. Качан бул маселе чечилет? Тескерисинче бул көйгөй күн сайын оорлоп жатат. Ошол маселени Жогорку Кеңеште мэрден уксак. Ушундай бойдон кете берсе, эл да суу боюнча чыгат», — деди ал.