Депутат: «Бензиндин баасы 60 сомго чейин көтөрүлөт, муну ачык айтыш керек»

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов «Кыргызнефтегаздын» жетекчисине кайрылып, бензин жана дизелди канча сомдон сатып жатышканына кызыкты.

«Кесиптешим 6-7 сом айырма менен сатылып жатканын айтса, сиз андай эмес экенин айттыңыз. Бирок ушуга чейин ушундай болуп, сизге чейинки жетекчилердин баары качып, кылмыш иши козголгон, камалган», — деди депутат.

«Кыргызнефтегаз» ААКтын төрагасы Мелис Тургунбаев протокол боюнча АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 31 сомдон, дизель 35 сомдон сатылып жатканын айтты. «Азыркы келишим боюнча ушундай алып жатышат», — деди Тургунбаев.

Депутат Нышанов учурда 45 сомдон төмөн баада бензин жок экенин айтты. «Элге ачык айтыш керек, бензиндин баасы дагы көтөрүлөт, 60 сомго чыгат. Биз чече албайбыз, сырттан алып келгенден кийин. Ачык айтып, ошого даярданышыбыз керек», — деди депутат.