Депутат: «Бишкекте 35, Ош шаары жана облусунда 21, Жалал-Абадда 11, Нарында 1, Чүйдө 5 объект уруксатсыз курулган»

Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Балбак Түлөбаев.

Депутаттардын суроолоруна Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жооп берди.

Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири депутат Балбак Түлөбаев тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишинин натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы коллизияларды жоюу максатында иштелип чыккан.  Укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга мыйзамсыз объектини бузуу боюнча чечимди соттун чечимисиз кабыл алууга мүмкүндүк берилет.

Депутаттын билдирүүсүндө учурда Бишкек шаарында 35, Ош шаарында 18, Ош облусунун аймагында 3, Жалал-Абадда 11, Нарында 1, Чүй облусунда 5 объект уруксатсыз курулгандыгы аныкталган.

Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилеп, бул курулуш тармагындагы баш аламандыктарды иретке келтирет деген ишенимин билдирди. Депутат Русланбек Жакышов Бишкек шаарынын айланасындагы мыйзамсыз курулуштарды эске алып, мыйзам долбоорун колдоого алды.  Депутат Рустамбек уулу Советбек жеке турак жай курууда техникалык паспорт даярдоо түйшүгүн жеңилдетүү маселесине көңүл бурду. Эл өкүлү Бекмурза Эргешов курулуш долбоорлорун караган шаар куруу кеңешинин ишмердүүлүгүнө токтолуп, алардын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин белгиледи.

Мындан тышкары комитетте  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.