Депутат Бишкекте жарандар автобустарды 1 саат күтүп жатканын айтты

Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов Бишкектеги коомдук транспорт маселесин көтөрдү.

«Коомдук транспорттордун аралыгы узак болуп жатыптыр. Жакындатуу керек. 1 саат күтүп жатабыз дешти. Келсе, ичинде киши көп батпай, кийинки автобусту күтүп жатабыз деди. Эртең менен кечинде аралыгын кыскартсак»,- деди ал.

Ал ошодой эле автобустарда накталай эмес төлөөдө көйгөйлөр жаралып жатканын айтты.