Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкекте жолчулар дем алыш күнү иштебей жатышканын айтып, нааразы болду.
«Кудайга шүгүр, жолдор оңдолуп жатат. Иш жакшы жүрүп жатат, бирок ошол эле учурдагы көйгөй — алардын дем алыш күндөрү иштебей коюшу. Бардык жер деп айтпайм. Мисалы, Медеров көчөсүндө дем алыш күндөрү кадимкидей эле иштебей коюп жатышат же саат 18:00дө «жумуш бүттү» деп кетип калып жатышат. Бул Бишкек үчүн кабыл алынбай турган нерсе»,- деди эл өкүлү.