Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Бишкектеги «Ош базарынын» аймагында селсаяктар көбөйүп кеткенин айтты.
«Окуучулар мектепке баргандан коркуп жатышат. Селсаяктарды убактылуу кармап, тамак-аш берген жерлер барбы? Шаардын көркүн бузушууда. 5-6дан чогулуп, арак ичишип, жайнап кетти. Катуу иштесеңер», — деди ал.