Депутат Бишкектеги менчик мектепте окуучу сабалганын айтты

Бишкектеги менчик мектептеринин биринде 2-класстын окуучусу сабалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, окуучуну үч классташы математика сабагы учурунда сабап салган. «Экөө кармап, бирөө урган. Окуучунун көк ала тактары, соттук-медициналык экспертизанын чечими бар. Мугалим ал убакта класста жок болгон. Маселени көзөмөлгө алгыла», — деди депутат министр Каныбек Иманалиевге.