Депутат: «Бишкектин инфраструктурасы скутер менен самокатка жооп береби?»

Депутат Чыңгыз Ажибаев акыркы учурда жол кырсыктары көбүнчө такси айдоочулардын айынан көбөйүп жатканын белгилеп, такси айдоочуларына атайын талаптарды коюуну сунуштады.

Ошондой эле скутерлер катышкан жол кырсыктарына себеп — Бишкек шаарынын инфраструктурасынын талапка жооп бербегени дейт ал.