Депутат: «Чек арада каза болгон жоокердин үй-бүлөсү 2 күндөн бери жатакана таппай жүрөт»

«Сентябрь айындагы коогалаңдан курман болгон Алишер Нарбиев аттуу баатырыбыз бар. Ошонун үй-бүлөсү Бишкекте 2 күндөн бери жатакана таппай жүрөт». Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Чыңгыз Ажибаев билдирди.

«Жүгү менен көчүп келиптир. Бая күнү Министрлер кабинетинин өкүлдөрү ар бир жаранга көңүл буруп, жардам берип жатабыз деп. А бүгүн баатырдын үй-бүлөсүнө жардам берилбей жатат», — деди ал.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 22 жаштагы аскер Алишер Набиев көз жумган. Ал Лейлек районунун Кулунду айылынын кулуну болчу.