Депутат Чолпон-Атада селден жабыркагандарга жардам берүү эсебин ачууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев селден жабыркагандарга атайын жардам берүү эсебин ачууну сунуштады.

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев Ысык-Көлдөгү сел тууралуу маселе көтөрдү. Ал жыйында «эмне үчүн жыл сайын ушундай болот?» деп суроо салды.

«Чолпон-Атада байлар, аз камдуу үй-бүлөлөр дагы бар. Аларга эсеп ачып, жардам беришибиз керек», — дейт ал.