Кыргызстанда Ширшовдун капчыгына айлангандарды бийликке жакындатпасак. Бийлик тазалансын. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Мамлекетти тоногон, мамлекеттин эсебинен байыган адамдарды кайра бийликке жакындатуу ооруга айланып калбашы керек. Элибиз айтып жатпайбы «ушунча жылдан бери сыртка чыгып жаткан алтындарды биздин чемпиондор Кыргызстанга ташып жатат» деп. Эгер 10-20 жылда дагы ушундай чемпиондор чыга берсе, ошол алтындарды кайра ташып алат окшойбуз»,- деди ал.