Депутат Дастан Бекешев: «Бийлик тарых сабактарын унутуп жатканы кейиштүү»

«Бийлик тарых сабактарын унутуп жатканы кейиштүү». Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүү боюнча позициясын билдирген бир канча активдүү жарандар бийликти басып алууга даярдана аларын элестете аласыздарбы? Бул жогору жактан келип түшкөн ойдон чыгарылган жөө жомок жана дөөрүү. Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүүгө каршы чыккан жарандарга карата кылмыш иши мыйзамсыз козголду. Сөз менен ынандыра албай, эми күчкө сала башташты. Бийлик тарых сабактарын унутуп жатканы кейиштүү. Кыргызстан убактылуу авторитаризмге сүрүлүп түштү, анын баасы бардык жарандарга кымбат турат», — деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.