Депутат Дастан Бекешев: «Добуш сатып алуу аракети кайра башталды окшойт»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш сатып алуу кайрадан колдонулушу ыктымал деген кооптонуусун билдирди. Бүгүн, 28-февралда депутат “Телеграмдагы” каналында Бишкекте жашабаган адамдарды шаарга каттоого тургузуп жатышканы тууралуу маалыматы бар экенин билдирип, бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрыларын айтты.

«Азыр айылдардан шаарга алып келип, каттоого тургузуп, добуш бердиртүү аракети көрүлгөн учурлар бар экенин билем. Бул форма №2 эмес, жөн гана кайра каттоо. Ушуга байланыштуу Мамкаттоого кайрылып, маалымат алганы жатам. Себеби акча менен адамдарды шаарга ташый башташканын угуп жатам. Мындай нерселерди көзөмөлгө алуу керек», — деди ал.

Быйыл 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо болот.