Депутат Дастан Бекешев журналисттин кармалышына байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналист Болот Темировдун кармалышына байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылды. Кайрылуу катын депутат соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Бекешев кайрылуусунда Temirov Live каналынын командасынын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн күйүүчү май бизнеси тууралуу материалындагы фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлүшүн сураган. Депутат Болот Темировду коргоого алууну өтүнүп, иликтөөчү журналист менен Болот Назаровго карата козголгон кылмыш иштери боюнча далилдерди тыкыр иликтөө керектигин билдирген.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген жана төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон. 23-январда Темиров менен Назаровдун тарапташтары  ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин жанында алардын бошотулушуун талап кылган митинг өткөрүшүп, экөө тең эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Милициянын маалыматы боюнча, иликтөөчү журналист менен төкмө акын сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Назаровдун канынын анализинен баңгизат бар болуп, ал эми Темировдун канынын анализи таза болуп чыккан.