Депутат Дастан Бекешев Майлуу-Сууда окуучулардын каникулун узартууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев Майлуу-Суудагы окуучулардын каникулун узартууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Анын айтымында, шаарга өзгөчө кырдал режим киргизилип, ысык суу жана жылуулук бериле элек. «Ал эми сыртта дагы эле суук. Майлуу-Суу шаарындагы мектеп окуучуларынын каникулу узартылса, туура болмок», — дейт Дастан Бекешев.

13-январда Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 12-январда Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей үзгүлтүккө учураган. Мындан улам шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.