Депутат Дастан Бекешев Аскер прокуратурасындагы сурактан чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
Анын айтымында, сурак Суу кодексинин кабыл алынышы боюнча жүргөн. Депутат деталдарын айта албайт, анткени ал маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча келишимге кол койгон.
Буга чейин прокуратура мурдагы депутат Элвира Сурабалдиеваны жана азыркы депутат Наталья Никитенкону суракка чакырышкан эле.